Main Жаш Түркологдордун II симпозиумунун билдирүүлөрү (Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналат)

Жаш Түркологдордун II симпозиумунун билдирүүлөрү (Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналат)

,
5.0 / 5.0
0 comments
Б.: КТМУ, 2011. – 136 б. II. Genç türkologlar sempozyumu bildirileri.Симпозиум түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналып Түрк дүйнөсү жана Түркстан деген темада өткөн. Симпозиум Айтматов жумалыгынын алкагында улуу жазуучунун катышуусу менен өзгөчө бийик деңгээлде өткөн. Симпозиумга белгилүү илимпоздорду чакыруу, алар менен жаш түркологдорду тааныштырып, пикир алмашууларына шарт түзүп берүү бөлүмүбүздүн салтына айланган. Жаш түркологдордун 2-симпозиумуна Кыргызстандан ф.и.д., Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Абдыкадыр Садыков, Түркиядан болсо тилчи жана адабиятчылар проф., др. Кемал Эраслан, проф., др. Лейла Карахан жана проф., др. Кемал Явуз сыяктуу агай-эжейлерибиз келип, түркология илиминин актуалдуу маселелери жана өзгөчө маанилүү темалары тууралуу доклад окушуп, ошол эле учурда симпозиум отурумдарына төрагалык кылышкан. Жаш түркологдордун 2-симпозиумуна сексенден ашуун жаш түрколог катышып, алардын отуз сегизи доклад окушкан. Симпозиумда университетибизден тышкары, Бишкек Гуманитардык университетинен, Афйон Карахисар Кожатепе университетинен (Түркия) жана Каракалпакстан мамлекеттик университетинен (Өзбекстандагы Каракалпак автономиялык облусу) келген катышуучулар доклад окушуп, жаш түркологдор илимий изилдөөлөр тууралуу пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
Request Code : ZLIBIO2011742
Categories:
Year:
2022
Language:
Kazakh

Comments of this book

There are no comments yet.